Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 22.10.2019 16:53 На русском

Германиянын Кыргызстандагы элчиси Ат-Башыдагы реабилитациялык борборго келди

Turmush -  Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен Ат-Башыдагы «Ак байрак» реабилитациялык борборунда мониторинг жасап кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дюшеналиева билдирди.

Анын айтымында, Германиянын Кыргызстандагы элчилиги аталган реабилитациялык борборго 2012-жылдан бери материалдык жактан жардам берип келет.

«2012-жылдан бери аталган реабилитациялык борбор иштеп келет. Ошол жылы 76 600 сомго санитардык түйүн оңдоп-түзөөдөн өткөн. 2015-жылы 202 999 сомго ашкана жабдыктары алынган. 2017-жылы 381 520 сомго терезе-эшиктери жаңыртылган. 2019-жылы 371 800 сомго керебет, кир жуучу автомат машина алынган», - деп билдирди Ажар Дюшеналиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×