Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 25.10.2019 17:42

Ат-Башыда ата-энелерге балдарды туура тарбиялоонун жолдору көрсөтүлдү

Turmush -  Ат-Башы районунда ата-энелерге балдарды туура тарбиялоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Түшүндүрүү иштери райондун ар бир айылында өтүп, ага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү, Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунан тийиштүү кызматкерлер катышты.

2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын алкагында жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, маданияттуулукка тарбиялоо багытында райондун мектептеринде ата-энелер арасында түшүндүрүү, агартуу иш-аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×