Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 28.10.2019 12:40

Дене күйгөндө эмне кылуу керек? Фельдшер Н.Акунованын жообу

Назгүл Акунова
Назгүл Акунова

Turmush -  Дене ар кандай заттардан улам ар кандай даражадагы күйүккө дуушар болушу мүмкүн. Ооруну күчөтпөй, күйүктүн деңгээлине жараша кандай жардам берүү керек? Бул суроого Ат-Башы райондук тез жардам бөлүмүнүн фельдшери Назгүл Акунова жооп берди.

«Дененин кайсы бир бөлүгү ысык сууга, отко, химиялык заттарга, майга күйүп калышы мүмкүн. Күйүк 3 даражада болот. 1-2-даражада тери кызарып же ыйлаакча пайда болот. Шакек, браслет, кол саатты чечишибиз керек. Себеби, ал кысып калат.

Кол, бут күйгөн болсо муздак сууга салуу керек. Эгерде дене күйсө муздак сууга салынган сүлгү менен басып муздатыш керек. 3-даражадагы күйүктө теринин алдындагы булчуңдар, сөөккө чейин күйүп калат. Ал убакта кийимин чечпейбиз. Ошондой эле күйгөн жерди тазалап, дары сүйкөбөйбүз. 1-2-даражадагы күйүккө үйдөн жардам берсе болот. Ал эми 3-даражадагы күйүккө сөзсүз түрдө тез жардам кызматын чакыруу керек. Анда тери жансыз болуп калат. Өз алдынча дарыланууга болбойт, инфекция кирип, дарылоону кыйындатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×