Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 29.10.2019 14:09 На русском

«Балдарымды жалгыз бактым»: Маркум Мухтар Өмүракуновдун апасы Жумабүбү эне кантип «байыганын» айтып берди

Жумабүбү Байтерек кызы
Жумабүбү Байтерек кызы

Turmush -  Ат-Башы районунун тургуну, маркум Мухтар Өмүракуновдун апасы Жумабүбү Байтерек кызы 4 жолу ажылык сапарга барган. Ал дагы барууну пландап жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жумабүбү Байтерек кызы 1940-жылы Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылында туулган. Аталган айылда 7-класска чейин, андан кийин Ат-Башы айылында 10-класска чейин окуп, турмушка чыккан. Учурда апанын 5 уулу, 20 небере, 7 чөбөрөсү бар.

«Өзүмдүн апам уз адам болчу. Мен дагы кол өнөрчүлүккө абдан кызыкчумун. Апамдын жанында жүрүп, кол өнөрчүлүктү өздөштүрүп кеттим. Башымдан көп нерсе өттү. Тигүүчүлүк кесип менен балдарды жалгыз бактым. Азыр боз үй жасап жатам.

Тигүү цехтен киреше жакшы болчу. Кыз-келиндер менен чогуу иштедик. 1990-жылдары Бишкек шаарына бардык. Эң улуу балам Жолдошбектин колунан баары келет. Кийинки балдарым Эмил, Мухтар, Самар болуп цехтен ишибизди баштап, бутубуздан турдук. Баарыбыз, үй-бүлөбүз менен биргелешип иштедик. Башында бут менен иштеген машина жана кол менен иштеген машина бар болчу», - деди ал.

Жумабүбү Байтерек кызы учурунда Ат-Башыдагы комбинатта 7 жыл иштеген.

«Азыр балдарымдын баары өз алдынча иштеп кетишти. Мухтар Өмүракунов ортончу балам. Аны жакшы билесиңер. 2011-жылы Кызыл деңизге чөгүп каза болуп калды. Артында 7 баласы калды, эң кичүүсү 3-класс.

Ортодон жайлоого чыктык. Балдарымды багам деп иштеп жүрүп жашым өттү. Кыйынчылыктар болду. Мухтарым болуп бир жолу карандай чай ичкенибизди билем. Ал оор мезгилдерди жеңдик», - деди ал.

Меценат Мухтарбек Өмүракунов «Замандаш» партиясын негиздеген. Ал 2011-жылы Кубага эс алууга барып, океандын 3 метрге жеткен толкунунун астында калып каза болгон. Анын сөөгү өзү өскөн Ат-Башы районунда жерге берилген.

muhtar-1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×