Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 04.11.2019 20:30

Ат-Башыдагы өнүктүрүү фондуна мамлекеттик кызматкерлердин айлыгынан акча чогултулуп жатабы?

Turmush -  «Ат-Башы өнүктүрүү фондуна» райондогу бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери 1 кундүк маянасын которуп жатышат. Учурда 170 миң сом чогулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Атыркүл Токталиева билдирди.

Анын айтымында, фонддун максаты — аймактарды өнүктүрүү. Бирок айрым тургундар бул фонддун түзүлгөнүнө нааразы.

«2014-жылы өкмөттүн “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүү” жөнүндө токтому чыккан. Аталган фонд 2014-жылы түзүлүп, тиешелүү иш кагаздары, жобосу иштелип чыккан жана күбөлүгү бар, Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн. Биздин райондо чоң кен иштетүүчү ишканалар болбогондуктан ошол жылдан бери фондго акча каражаты түшкөн эмес. Фондду иштетиш керек болуп калды. Ошондуктан айыл өкмөттөр, мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондун жетекчилиги менен сүйлөшүп, макулдашып, 1 күндүк эмгек акыны которуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Ошол демилгенин үстүндө иш алып барып жатабыз. Колунан келген жардамдарын берип жатышат, эч кимди мажбурлашпайт. Берсе берет, бербесе жок. Жобосу иштелип чыккан», - деди Атыркүл Токталиева.

Ал эми Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын атын атагысы келбеген тургуну мындай фонддор буга чейин да түзүлүп, акча чогултулуп, бирок жыйынтык чыкпаганын билдирди.

«1 күндүк айлыкты эсептеп көрсөк, эң эле аз дегени 500, көп дегени 1000 сомдон ашык экен. Нааразы болгонубуздун себеби — фонддорго ишенбей калганбыз. Комиссиянын мүчөлөрүн эл тааныбайт. Туулган жерибизден аябайт элек. Комиссиянын мүчөлөрү туура тузүлсүн, кайсы мекемеден канча акча чогулганын айтып коюшсун. Кээ бир жерде чектелген акча деп жазылыптыр. Андай болгондо кимден канча каражат түшкөнү билинбей калат да. Ошондуктан бардыгына бирдей талап коюшса болмок.

Токтомдо 2014-жылы чыккан буйруктун негизинде “аймактарды өнүктүрүү” деп жазылыптыр. Аймактарды карапайым элдин чөнтөгүнөн өнүктүрмөк беле?», - деди тургундардын бири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×