Turmush — Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын тургундарынын арасында айылдын аталышы ажыдаарга байланыштуу келип чыккандыгы тууралуу уламыштар айтылат.
Аймакты жакшы билген Жекшенаалы Абдыраимовдун айтымында, аталган айылдын аймагын илгери ажыдаар байырлаганын уккан. Андан сырткары Төө-Таш деп аталган жердин касиеттүүлүгүн кеп кылышат.
«Илгери Күркүрөө суусунун жээгиндеги Жийдели деген жерде (азыркы Сары-Үңкүр) ажыдаар жашаптыр. Тоодогу эл менен айылдагы элдин байланышы болбой калат. Анткени эл каттаган жолдун ортосунда ажыдаар пайда болуп, өткөндөрдүн барын жута берет. Элдин үрөйү учуп, тоодогусу тоодо, айылдагысы айылда калып, бири-бири менен байланыш болбой калат. Аксакалдар «эл ичиндеги энелерден бир баатыр туулбаптыр» деп капа болушат.
Бир күнү айылдан Чокон деген аксакалдын Өтө деген баласы «ажыдаарга мен барам» деп, жоо-жарагын алып жөнөйт. Кетип жатканда Чокон аксакал колундагы алтын шакегин уулуна берет. Барган жигитти ажыдаар жутуп алат. Жигиттин Дилдежан деген баатыр, мергенчи сүйгөн кызы болот. Ал кыз жигитин ажыдаар жутканын угуп, ажыдаар күндүн ысыгына кактанып уктап жатканда башына ууланган жебе менен атып өлтүргөн.
Кыз ажыдаарды союп, алтын шакекти табат. Кыз ал шакекти алып кайып болуп кеткени айтылат. Ал жер кийин мазарга айланыптыр», - деди Абдыраимов.