Turmush — 25 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келе жаткан Бактыгүл Молдокабылова Ат-Башы районунун Ак-Жар айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Бактыгүл Молдокабылова 1977-жылы Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында туулган. 1994-жылы Нарын медициналык окуу жайына тапшырып, аны 1997-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1999-жылы Ат-Башы райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүндө эмгек жолун баштаган. Кийин Ак-Жар айылына келин болуп, Ак-Жар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда үй-бүлөлүк медайым болуп эмгектенип баштаган. Медайым үй-бүлөлүү, 4 уулу бар.
«Биздин аймакка тиешелүү тургундарды карайбыз. Андан сырткары процедуралык иштерди жүргүзөм, боюнда бар аялдарды окутам. Медайымдык жумуш аябай жакшы кесип, көп кишинин батасын алабыз. Кээде карыган кишилердин, баса албаган, ооруган кишилердин үйүнө чейин барып, ийне сайып беребиз. Алар алакан жайып бата беришет.
Эсте калган бир окуя болгон. Бир эркек киши ийне алууга келди. Ийне сая электе, ийнени көргөндө эле эс-учун жоготуп жыгылды. Ага нашатырь спиртин жыттаткан соң кайра эсине келди. Көрсө ал киши өмүрүндө ийне сайдырып көрбөптүр. Ошондой кишилер болот. Мындан эркек балдар коркок болот экен. СПИДге кан алам. Анализге деп кан алып жатсаң эле калчылдап, жүрөктөрү түшүп баштайт. Эшиктен кире элек жатып калчылдашат», - деди ал.