Turmush — Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну Бекжан Орозбеков 5 айлык козусу 2000 доллардан бааланган койлорду багат. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.
Ал 2 жылдан бери арашан, афган койлорун багып, азыр эки породадагы койлорду аргындаштырып жаткан учуру. Анын кызыгуусун арттырган бул койлордун башка койлордон айырмасы салмагы жана көлөмүндө. Койлорунун салмагы 160-170 килограммга чейин жетет.
«2023-жылдын ноябрынан баштап, породалуу койлорду бага баштадым. Башында Лейлек районуна барып, 2 афган кой алгам. Бирөөсүн 55 миң сомго, экинчисин 42 миң сомго алдым.
Бир күнү Баткен шаарындагы афган жана арашан койлоруна көргөзмө болуп, ал жакка алып бардым. Ал жерде кызыккандар 55 миң сомго алган койдун баасын 150 миң сомго чейин көтөрүп сурашты. Бирок жаңы эле баштап жатканым үчүн саткан жокмун. Кызыгып, маалымат топтоп, арашан койлоруна да кызыга баштадым. Аны Кара-Балтадан 4 койду 50 миң сомдон алып, 2 жумадан кийин кайра барып, козуларынан алып келдим», - деди.
Ал кой багууда жайыт маселесинен кыйналбаарын айтты.
«Удар деген кочкор бар эле 110 миң долларга сатылган. Ошонун 5 айлык козусун 2000 долларга, дагы экөөнү 65 миң сомдон сатып алдым. Башталышында орто баа болду десем болот. Арашандын ичинен 1-2-3-класстагы деп бөлүнөт. Бизде айылда жайыт кенен болгон үчүн эч кандай кыйынчылык туудурбайт. Эртең менен жана кечинде 5 килограммдан жүгөрү берем. Мындан сырткары, жүгөрү жегенден кийин 2 сааттай оттотуп келем. Өзүбүздүн кичинекей жайытыбыз бар. Буга кызыккандыгым үчүн мага кыйынчылык деле туудурбайт.
Жакында эле койлорго селекция кылайын деп, Баткендин өзүнөн афган кочкорун 165 миң сомдон алдым. Арашан койлор менен афган койлорун аргындаштырайын дедим. Ошентип жалпы 13 кой болду. Элдер эми гана кызыгып жатат. Бул койлордун башкалардан айырмасы салмагы көп болот. Мисалы, эң чоң койлорумдун салмагы 110-120 килограмм. Кочкорумдун салмагы 160-170 килограммга чыгат. Бойлору да бийик болот. Азыр кочкордун бийиктиги 1 метр 2 сантиметр, койлор болсо 90 сантиметрден жогору. Баткендин аймагында афганды баалашат. Ал эми арашанды кымбат акчага сатуу кыйын», - дейт Бекжан Орозбеков.
Бекжан Орозбеков учурда 27 жашта. Алдыда породалуу койлорду багып, бул аймакка жайылтууну пландап жатат.
Арашан породасы 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн. Арашан породасындагы койлор бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоёт. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.
Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.