Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 22 жаштагын Бүбүсара Кубанычбек кызы. Ал учурда Америкада жашап, билим алып жатканын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
Каарманыбыз Ош шаарынын тургуну. Ал шаардагы окуу жайлардын биринде бакалаврды бүтүргөн.
«Учурда Америкада магистратураны окуп жатам. Менин тармагым бизнес киберкоопсуздук. Киберкоопсуздук боюнча Westcliff University университетинде билим алуудамын. Бул университет Американын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында жайгашкан. Алгач Вашингтонго келгем, себеби окууга ошол жактан тапшырган элем. Кийинчерээк Калифорнияга которулуп кеткем. Азыркы учурда Чикагодо жашап жатам. Анткени бул жактын жашоо шарты жеңилирээк, жумуш тапса болот», - деди ал.
Westcliff University — жеке менчик окуу жай, 1993-жылы негизделген. Университетте бизнес, башкаруу, технология жана укук багытында билим берилет. Окуу жайда онлайн форматында да окуу мүмкүнчүлүгү бар.
Компьютердин коопсуздугу, киберкоопсуздук же IT коопсуздук катары дагы белгилүү — компьютердик системалардын жабдыгын, программалык камсыздоосун же маалыматын уурулуктан же бузулуудан, ошондой эле алар көрсөткөн кызматтарды тоскоолдукка учуроодон же туура эмес багыттоодон коргоо.
Бүбүсаранын айтымында, билим берүү системасында чоң айырмачылык бар.
«Мисалы, Кыргызстанда сабактарды мугалимдер менен окусак, бул жакта тескерисинче студент өзү тандайт. Убакыт-саатын да өзүбүз коюп окусак болот. Бул жактагы университеттердин эң жаккан системасы full time анан part time деп бөлүп окутушат. Full time бул — университетке күндө барып окуса, ал эми part time деген бул — өздөрү койгон графикте, болбосо бир айда бир же бир семестрде үч жолудан барып окуп турса болот.
Элинин маданияты боюнча мага жаккан жана жакпаган жактары да бар. Бул жакта элдин жылмайып жүргөнү жагат. Тааныбаган Американын жараны жылмайып, башын ийип салам берип өтүп кетишет. Мисалы, бир жерде кезекте туруп калсаң, урушуп-талашып кетишпейт. Унаада кетип баратсаң да жол берип, эрежесин сактап айдашат. Сабырдуу болушат, эч ким эч жакка шашпайт. Мени таң калтырган нерсе — эркиндик. Ар ким өзүнүн каалаганын кылат, бирок ошол эле убакта мыйзамды эч ким бузбайт», - дейт каарманыбыз.
Ошондой эле ал Америкадагы кыйынчылыктар тууралуу да айтып өттү.
«Мен үчүн жумушка орношуу кыйын болду. Себеби студенттердин көпчүлүгү иштеш керек болот. Анан да документтер керектелет. Студенттерге документ чогултуп толукташ бир аз кыйын болот, ошондон кыйналдым. Бардык жерге барсаң «Social Security Number» (жумушка кирүү үчүн расмий документ) деген документ сурашат. Анан жумуш таппай кыйналып, бирөөнүн үйүн тазалап иштеп жүрдүм. Англис тилин 11-классты бүткөндөн бери үйрөнүп келем, дагы деле үйрөнүп жатам. Эгер адам жакшы өздөштүрүп окуса, бир жылда сонун деңгээлде үйрөнүп кетет», - деди ал.