Turmush — Кыргызстандагы калктын көбү элет жеринде жашайт. Ар бир айылдын өзүнүн тарыхы, элге эмгеги сиңген уул-кыздары бар. Биз Кыргызстандагы айылдардын турмушун чагылдырып келебиз. Буга чейин алтын менен өнүккөн Нарындагы Эмгекчил айылын, көчмөн турмуш күчүндө турган өткөн кылымдарда башка эл байырлаган Сары-Тологой айылы, «дөө-шаалар» чыккан Сузактагы Барпы айылы жөнүндө жазганбыз.
————————
Түп районунун Каркыра айыл аймагына караштуу Кең-Суу айылы өзгөчө макамга ээ — ал өлкө башчынын туулуп-өскөн ата конушу катары белгилүү. Айыл Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүк-чыгышында, деңиз деңгээлинен 1760 метр бийиктикте, Түп районунун борборунан 30 чакырым алыста жайгашкан.
Айылдын түптөлгөнүнө 3 кылымдан ашты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул аймакка отурукташуу 1700–1750-жылдарга туура келет. 2025-жылга карата айылда 394 кожолук жашап, жалпы калктын саны 2410 адамды түзөт.
Айылдын тургундары негизинен айыл чарбасы жана мал чарбасы менен алектенишет. Кең-Сууда мечит, ФАП, мектеп, бала бакча, кичи футбол аянтчасы жана жаңы салынган стадион бар. Ички жолдорго асфальт төшөлүп, түнкү жарыктандыруу орнотулуп, калк ичүүчү таза суу менен камсыздалган.
Айыл аксакалдарынын айтымында, кең-суулуктар негизинен Белек тукумунун урпактары. Учурда айылда Алыбай, Шапак, Кургак, Мундуз, Түкөк, Моңолдор жана Кутчу уруусунун өкүлдөрү жашашат.
75 жаштагы айыл аксакалы Дөөткул Жантаев Кең-Суу айылынын келип чыгуу тарыхына төмөнкүчө токтолду.
«Кең-Суу айылы эзелтеден бери уюткулуу, ырыскылуу жер десем жаңылышпайм. Ата конушубузду жердеп жашап өткөн бабаларыбызды 50 жаштан эсептегенде, айыл 1700–1750-жылдары түптөлгөн деп айтсак туура болот. Бул ыйык жерде, совет мезгилинде да, Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден кийин да академиктер, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер чыгып келе жатат.
Эми эмне үчүн айылыбыз Кең-Суу деп аталып калганына токтолсом, буга да жөнөкөй себеп бар. Айылдын жогорку жагындагы тоо бетинде ар бир коктудан суу акчу. Ал убакта "кургак кокту" деген түшүнүк болгон эмес. Ар бир коктудан суу шаркырап агып турган. Мына ошондон улам айылыбызды “Кең-Суу” деп аташкан го деп ойлойм. Өзүм 70 жашка чыкканда деле ар бир коктудан суу акканын көргөм. Акыркы жылдары жаратылыш өзгөрүп, суулар азайып, коктуларда мурдагыдай суу болбой калганын байкоого болот.
Андан тышкары, тоо башында Көлтөр деген көлүбүз бар. Бала кезде ал көл чайпалып жээкке чейин жетчү. Азыр болсо болжол менен 2 метрге тартылып, суусу азайып калган», - деди Дөөткул Жантаев.
Кең-Суудан чыккан белгилүү инсандар:
Кусеин Карасаев (1901-1998) — көрүнүктүү лингвист, лексикограф, педагог, адабиятчы, фольклорист.
Түгөлбай Сыдыкбеков (1912-1997) — эл жазуучу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры. «Тоо арасында» (Кең-Суу жөнүндө роман), «Көкөй кести», «Зайыптар» жана башка чыгармалардын автору. Анын роман, повесттери 20 тилге которулган.
Зияш Бектенов (1911-1994) — филолог, манас таануучу, окуу китептеринин жана илимий-педагогикалык эмгектердин автору. Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги.
Аман Саспаев (1929-2015) — жазуучу, публицист, 55 миң сөздү камтыган 91 басма табак көлөмүндөгү «Кытайча-кыргызча сөздүк» түзгөн. «Татым туз», «Тоо чабалекейи», «Шашкедеги кара туман» жана башка чыгармалардын автору.
Абдразак Мокенов (1936-2023) — белгилүү архитектор, мамлекеттик ишмер. Москвадагы архитектура институтунун бүтүрүүчүсү.
Кеңешбай Молдобаев (1955-жылы 15-июнда төрөлгөн) «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору, өнөр жайдын эмгек сиңирген кызматкери.
Рыскелди Мусаев (1960-жылы 26-апрелде төрөлгөн) — Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы.
Турусбек Түмөнбаев (1966-жылы 10-апрелде төрөлгөн) «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору.
Садыр Жапаров (1968-жылы 6-декабрда төрөлгөн) — Кыргыз Республикасынын президенти.
Акылбек Түмөнбаев (1972-жылы 21-мартта төрөлгөн) — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
Рустам Черикбаев (1978-жылы 4-январда төрөлгөн) — Каркыра айыл өкмөтүнүн башчысы.
Кундуз Кыдырбаева (1980-жылы төрөлгөн) — Ысык-Көл ОИИБдин ыкчам аракет көрүү атайын отрядынын аскер кызматкери.
Баян Рысбекова (1992-жылы төрөлгөн) — Ысык-Көл ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн юридикалык консультанты.
Мирзат Муканов (1989-жылы 5-июлда төрөлгөн) — теле алып баруучу, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери.
Мыктыбек Мукаев (1994-жылы төрөлгөн) — теле алып баруучу, актёр, юморист.