Turmush — Талас шаарында президенттик «Акылман» жатак лицейи курулуп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аны Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын Талас облусунда салтанаттуу белгилөө учурунда, өлкө башчынын катышуусунда ачуу пландалууда. Бул билим берүү мекемесинде окуу акысыз жүргүзүлөт.
Мекеменин жалпы аянты 3 гектарды түзөт.