Turmush — Нарын шаарында Нооруз майрамына карата уюштурулган иш-чарада Ат-Башы районунан келген айымдар өздөрүнүн өзгөчө даамдарын тартуулады.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, салтанатта тамак-аш көргөзмөлөрүнүн ичинен тайдын өпкөсүнөн жасалган ири көлөмдөгү олобо өзгөчө болуп, көпчүлүктү таң калтырды.
Ат-Башы районунун тургуну Жыпаркул Тилегенованын айтымында, бул даамды даярдоо чоң эмгекти жана убакытты талап кылды.
«Бул азык үчүн тайдын өпкөсүнө 130 литр сүт, 5 литр асылдык сары май жана 2,5 пачка туз сарпталды. Олобо толук 7,5 саат бою кайнатылды. Кадимки койдун өпкөсүнө болгону 20 литрдей сүт кетерин эсептесек, бул жолку даярдалган олобонун көлөмү өтө чоң экенин байкоого болот», - деди ал.
Мындан тышкары, ат-башылыктардын дасторконунан эт азыктарынан жасалган өрдөк, кирпи, чычкан сыяктуу азыктарды, ошондой эле беш бармак, чучук, керткен жал, таш кордо жана маринаддалган үндүк менен тооктун этин көрүүгө болду. Улуттук суусундуктар менен нан азыктарынын түрлөрү да коюлган.
---------------------------------------------------------------
Нарын шаарындагы Нооруз майрамына арналган иш-чарага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты.
---------------------------------------------------------------
Нооруз майрамынын алкагында «Мыкты кыргыз боз үйү» сынагына ички жана тышкы жасалгасы өзгөчө болгон беш боз үй тигилип, алардын ичинен мыктылары аныкталды.
Калыстар тобунун чечими менен биринчи орун Ат-Башы районуна ыйгарылып, 120 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Экинчи орунду Ак-Талаа районунан келген боз үй ээлеп, 90 миң сом сыйлыкка татыды. Ал эми үчүнчү орун Нарын шаарынын атынан тигилген боз үйгө ыйгарылып, 70 миң сом байге берилди.
Ошондой эле Кочкор, Жумгал жана Нарын районунан тигилген боз үйлөрдүн ар бирине 20 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.