Turmush — Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Саз айылынын имамына унаа белек кылышты.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бул демилгени Ормон Хан айыл аймагынын Кара-Саз айылынын 1987-жылы туулган тургундары колго алышкан. Айыл жаштары 200 миң сом чогултуп, имам Рысбек Култашовго унаа сатып беришти.
Рысбек Култашов айылда 11 жылдан бери башкы имам болуп иштеп келе жатат.