Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Нарзан айыл аймагында 2 мектептин кошумча имаратынын курулушу башталып, айылдык маданият үйү оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Искендер Өскөмбаев билдирди.
Анын айтымында, Нарзан айыл аймагында 7 жалпы билим берүү орто мектеп жана 6 бала бакча жайгашкан. Учурда Беловодск жана Ак-Суу айылдарында жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринде кошумча имаратты куруу иштери башталды.
«Учурда 2 жайда курулуштун негизин салуу үчүн котлован казуу иштери жүрүп жатат. Ошону менен бирге Беловодсктагы Кызыл-Октябрь айылдык маданият үйү да жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдоодон өтүүдө», - деди ал.
Ал эми Ак-Суу айылында жайгашкан №4 Ак-Суу жалпы билим берүү орто мектебинин директору Мирлан Суеркулов кошумча 300 орундуу имараттын курулуш иштери башталганын айтты.
«Сыйымдуулугу 800 орундуу, кыргыз жана орус тилинде окутуу процесси жүргөн көп кабаттуу мектеп 1972-жылы курулган. Учурда 2206 окуучу билим алат. Мындай шартта 3 нөөмөт окуп келебиз. Ошондуктан жаңы кошумча мектеп куруу зарылчылыгы жаралды. Учурда биздин көйгөй чечилип, курулуш иштери башталды», - деди директор.
№3 Беловодск жалпы билим берүү орто мектебинин директору Наталья Орозалиеванын айтымында, курула турган жаңы имарат 300 орундуу. Бул мектеп 1962-жылы 450 орунга ылайыкталып курулган.
«Биздин негизги көйгөй жаңы кошумча корпус куруу эле. 1600 окуучу 3 нөөмөттө окуп, бир топ кыйынчылыктар жаралган», - деди ал.
Беловодск айылындагы мектептин жаңы имараты «Мега Девелопмент Компани» жоопкерчилиги чектелген коому, №4 Ак-Суу мектебинин жаңы имараты «Кут Компани Групп» ЖЧКсы тарабынан курулууда.
Курулуш иштери Турукташтыруу фондунан каржыланууда.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Мега Девелопмент Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү жана жетекчиси — Керимджан кызы Наргиза. Компания 2024-жылы 12-июлда каттоодон, 2024-жылы 2-ноябрда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.
«Кут Компани Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү жана жетекчиси — Садыков Кубанычбек Мааткасымович. Компания 2020-жылы 20-октбярда каттоодон, 2025-жылы 3-июнда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имарттарды куруу.