Turmush — Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарында бир нече ири мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жаңы имараттарды куруу пландалууда. Бул тууралуу шаар мэри Нурсултан Тажибаев билдирди.
Анын айтымында, шаардагы М.Адышев, Т. Отунчиев, Парманас жана А.Мадалиев атындагы мектептер курулгандан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.
«Учурда М.Адышев атындагы мектеп 115 млн сомго капиталдык оңдоодон өтүү алдында турат. Имараттын чатыры ачылып, ички жылытуу системалары дээрлик бүткөрүлдү. Кийинки этапта мектептин ички бөлүгүн толук оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Ал эми Отунчиев мектебине республикалык бюджеттен 217 млн сом бөлүнүп, кошумча 275 орундуу имарат курулууда. Жаңы имаратта жыйын залы жана спорт залы каралган.
Парманас атындагы мектеп да республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоого киргизилип, жалпы суммасы 86 млн сомду түзөт. Жакынкы күндөрү курулуш иштери башталары күтүлүүдө.
Мадалиев мектеби буга чейин 9-класска чейин гана билим берчү. Эми бул жерде 150 орундуу спорт залы менен жаңы мектеп куруу пландалып, жакын арада иш башталат.
Мындан тышкары, административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга кошулган Будалык аймагындагы Ж. Бубаев мектеби да капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине киргизилген. Мектептин жанына спорт зал куруу каралууда», - деди шаар мэри.
Нурсултан Тажибаев эки жыл ичинде Гүлчө шаарынын аймагында курулуш иштери активдүү жүрө турганын белгиледи. Буга байланыштуу айрым убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн.
«Курулуш иштеринен улам ыңгайсыздыктар болот. Бул үчүн тургундардан алдын ала кечирим сурайбыз. Шаардын өнүгүшү үчүн кээ бир тосмолорду жана курулуштарды алуу зарылдыгы жаралууда. Сулуулук үчүн анча-мынча курмандыктарга барыш керек. Өз ыктыяры менен бузуп жаткан тургундарга ыраазычылык билдиребиз, аларды белгилеп өтүшүбүз керек», - деди ал.