Turmush — Быйыл июнь айында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгы белгиленет. Бул иш-чарага 2015-жылы химия боюнча Нобель сыйлыгын алган америкалык-түрк биохимиги Азиз Санжар жана 2012-жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгына татыган кытайлык жазуучу Мо Янь катышары күтүлүүдө.
Мындай маалыматты Манас шаарында өткөн Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына жана Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгына арналган илимий конференцияда Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев билдирди.
Анын айтымында, жогоруда аты аталган Нобель сыйлыгынын лауреаттары форумга катышууга макулдугун беришкен. Ошондой эле ал форумду өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар жана анын мааниси тууралуу да кеңири токтолду.
Белгиленгендей, юбилейлик иш-чараны даярдоо жана өткөрүү боюнча былтыр өлкө башчысынын тескемеси чыккан. Аны уюштурууга республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, негизги иштерди Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги алып барууда.
Азиз Санжар — ДНКны оңдоо, башкача айтканда репарация механизмдерин изилдеген дүйнөгө белгилүү окумуштуу. Ал түрк дүйнөсүнөн чыккан алгачкы илимий Нобель лауреаты катары белгилүү. Интернет булактарында анын рак ооруларын дарылоо багытындагы илимий ачылыштары тууралуу да кеңири айтылып келет.
Мо Янь — Кытайдын белгилүү жазуучусу. Ал чыгармаларында элдик жомокторду, тарыхты жана азыркы учурду айкалыштыра билгендиги менен айырмаланат.