Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 63 үй-бүлө 150 миң сомдон алышты.
Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Эрлан Качкынбаевдин айтымында, 31-март күнү 2026-жылга бөлүнгөн 137 квота боюнча иш колго алынып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын социалдык маселелер боюнча комиссиясы тарабынан тандалып алынган аз камсыз болгон «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пул алуучулар райондук убактылуу комиссиядан өттү. Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам алуучу 63 аз камсыз үй-бүлөгө 150 миң сомдун сертификаттары тапшырылды.
Сертификат алгандардын ичинен:
- 57 үй-бүлө мал чарбасы;
- 2 үй-бүлө тигүүчүлүк;
- 1 үй-бүлө кызмат көрсөтүү (мончо иштетүү);
- 1 үй-бүлө бал аарычылык;
- 2 үй-бүлө канаттуулар чарбасы менен алектенет.
Социалдык контракт деген эмне?
Социалдык контракт — бул аз камсыздалгандыгы боюнча ай сайын жөлөк пул алган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнүн жаңы түрү. Аз камсыздалган үй-бүлөнүн каалоосу боюнча социалдык өнүгүүнүн аймактык органдары менен өз ара милдеттенмелер тууралуу макулдашуу түзүп, жөлөк пулдун жылдык же жылдык суммасынан 75% алса болот. Бул каражат мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүүнү же майда ишкерликти өнүктүрүүгө жумшалса болот. Социалдык контрактка катышууну каалаган ар бир үй-бүлө социалдык адаптация программасын иштеп чыгып, аны социалдык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу жана көмөгү менен ишке ашырат.
Социалдык контракттын сунушталган стратегиясы республика жана Бишкек шаары («Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандар) боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө багытталган.