Turmush — Туркбаев Каныбек Бактыбекович Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.
Бул чечимди мурунку мэр Нуртилек Орозбаев кызматынан кеткенге чейин кабыл алган.
Каныбек Туркбаев 1981-жылы 11-январда Кара-Көл шаарында туулган.
Билими:
- 1998–2003-жылдары — Жалал-Абад мамлекеттик университети, Кара-Көл инженердик факультети, финансы жана кредит адистиги;
- 2009-жылы — Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Мамлекеттик курулуш, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, магистр, жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу адистиги.
Эмгек жолу:
- 2004-жылдын 11-майынан 2004-жылдын 19-августуна чейин — Социалдык фонддун Кара-Көл шаардык бөлүмү, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү, адис;
- 2004-жылдын 19-августунан 2005-жылдын 11-октябрына чейин — Кара-Көл шаардык мэриясы, өнөр жай жана курулуш боюнча башкы адис;
- 2005-жылдын 11-октябрынан 2006-жылдын 27-ноябрына чейин — Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясы, өнөр жай, инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар бөлүмү, жетектөөчү адис;
- 2006-жылдын 27-ноябрынан 2022-жылдын 14-мартына чейин — Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Түштүк аймактар аралык башкармалыгы, адис, жетектөөчү адис, башкы адис;
- 2022-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 29-мартына чейин — Кара-Көл шаардык мэриясы, экономика жана байланыш маселелери боюнча жетектөөчү адис, экономика жана байланыш маселелери боюнча башкы адис;
- 2024-жылдын 8-апрелинен 2024-жылдын 22-майына чейин — Шамалды-Сай шаардык мэриясы, аппарат жетекчиси, башкы адис;
- 2024-жылдын 22-майынан жаңы кызматка дайындалганга чейин — Экономика жана коммерция министрлиги, аймактар аралык башкармалыгы, Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы.
Кошумча маалымат:
- 2006-жылы — «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын ишиндеги маалыматтык-коммуникациялык технологиялар» курсунда квалификациясын жогорулатуу;
- 2007-жылы — англис тили курсу, «JEDI» ЖЧК;
- 2008-жылы — окуу семинары, Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик, «Мамлекеттик башкаруунун эффективдүү системасын түзүүнүн заманбап ыкмалары»;
- 2011-жылы — лекциялык жана практикалык сабактар курсу, Кыргыз Республикасынын кесиптик бирликтеринин федерациясы, «Мамлекеттик башкарууну модернизациялоо жана өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелери»;
- 2013-жылы — Технологиялык жеткиликтүүлүк борбору «ПК оператору» программасы;
- 2014-жылы — окутуу курсу, КР Финансы министрлиги, «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу»;
- 2016-жылы — семинар, Соода жана коммерция министрлиги «ШКУ мамлекеттеринин коомдук-административдик башкаруусу»;
- 2014-жылы — мамлекеттик буйрутманын алкагында квалификацияны жогорулатуу курстары: «Эффективдүү башкаруу көндүмдөрү», «Мамлекеттик тилде иш жүргүзүү»;
- 2016-жылы - «Коррупцияга каршы саясат»;
- 2017-жылы — «Мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу»;
- 2018-жылы — «Мамлекеттик кызматта адам ресурстарын башкаруу механизмдери»;
- 2023-жылы — кошумча билим берүү курсу, «Кыймылсыз мүлктү баалоо».
Класстык чини: 1-класстагы мамлекеттик жарандык кызмат инспектору.
Сыйлыктары:
- «КР мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси;
- КР Мамлекеттик кадрлар кызматынын ардак грамотасы;
- КР Жаштар иштери министрлигинин ардак грамотасы;
- Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы;
- Кара-Көл шаардык мэриясынын ардак грамотасы;
- КР Экономика жана коммерция министрлигинин ыраазычылык баракчасы;
- Кочкор-Ата шаардык мэриясынын ыраазычылык каты.