Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районунун Тельман айылында поезд менен оор жүк ташуучу унаа кагышты. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, окуя бүгүн, 1-апрель күнү болжол менен саат 11:00дөр чамасында болгон.
«Кырсыктын кесепетинен оор жүк ташуучу унаанын алдыңкы бөлүгү катуу жабыркаган», - деди күбөлөрдүн бири.
Кийинчерээк Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, поезд менен оор жүк ташуучу унаанын кагылышынан улам адамдар жабырган факты катталган жок.
«Кимдин күнөөсү менен жол кырсыгы болгону боюнча маалымат экспертизанын жыйынтыгы менен белгилүү болот», - деп айтылат маалыматта.