Turmush — Нарын облусунда соңку күндөрү бир катар кадрдык алмашуулар орун алды.
Жетекчилер боюнча чечимдерди президент Садыр Жапаров, жетекчилердин орун басарлары боюнча чечимдерди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиев кабыл алды.
Айдана Иманалиева президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан кетти. Ал бул кызматта 2025-жылдын 2-июлунан бери иштеп келген.
Ал президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Мамбетова Жылдыз Асанкуловна президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Жылдыз Мамбетова 1980-жылы 1-декабрда Нарын районунун Эмгекчил айылында туулган.
Ал буга чейин президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.
Жайнак Немат уулу президенттин буйругу менен Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка 2025-жылдын июль айында дайындалган.
Turmush 2025-жылдын 22-июлунда ошол учурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Базар-Коргон райондоруна барганын жазган.
Ал учурда Немат уулу акимдин орун басары болуп иштеген. Ташиев Ноокен районунун акиминин биринчи орун басары Жайнак Немат уулун өлкөнүн түндүк аймагына аким кылып жиберерин билдирген. Ошол эле учурда ал аким болуп иштей ала турган адамдарды табууда кыйынчылыктарга туш болуп жатканын кошумчалаган.
Жылдызбек Беккелдиев Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды.
Беккелдиев Жылдызбек Рысбекович 1982-жылы 7-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылында туулган.
Буга чейин ал президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратын жетектеген.
Аскалиева Гүлзат Айтбаевна президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары рангындагы аппарат жетекчиси болуп дайындалды.
Ал буга чейин президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо, документ жүгүртүү жана коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы болуп иштеп жаткан.