Turmush — Ош технологиялык университетинде «1-апрель – Математиктер күнү» аталышында спорттук иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш-чара Колдонмо математика жана информатика кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан уюштурулуп, волейбол боюнча окутуучулар менен ушул багытта билим алып жаткан студенттердин ортосунда достук мелдеш өткөрүлдү.
Мелдешке жалпы 5 команда катышты.
Жыйынтыгында:
- I орунду КМИ-22 тайпасынын студенттери;
- II орунду КМИ-25 тайпасы;
- III орунду КМИ-23 тайпасы ээледи.
Жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар ыйгарылып, катышуучуларга ыраазычылык билдирилди.
Мындай иш-чаралар жыл сайын уюштурулуп, окутуучулар менен студенттердин ортосундагы ынтымакты чыңдап, алардын математика илимине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.