Turmush — Оптима Банктын «20 миллионер» акциясынын кезектеги жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылды. Ага ылайык, бул жолу 1 миллион сомдук байгеге Саламат О. ээ болду.
Жеңүүчү утуш тууралуу кабарды алгач ишене алган эмес. Анын айтымында, банк өкүлдөрү экинчи жолу байланышкандан кийин гана маалыматтын чын экенине ынанган.
«Миллион утканымa башында ишенген жокмун, банк экинчи жолу чалганда гана түшүндүм. Ошол учурда Москвада болчумун. Абдан күтүүсүз жана жагымдуу болду», - деген ал.
Жеңүүчү утуп алган каражатын автоунаа сатып алууга жумшоону пландап жатканы белгилүү болду.
Ошондой эле банк акциянын аякташына дагы 2 жума калганын эске салды. Акциянын шарттарына ылайык, кардарлар Optima24 тиркемеси аркылуу кызматтарды төлөп, акча которуп, QR менен төлөм жүргүзүү аркылуу утушка катышуу мүмкүнчүлүгүн арттыра алышат.
«20 миллионер» акциясы Оптима Банктын кардарлары үчүн уюштурулган.