Turmush — Түп районуна караштуу Долон айылынын 55 жаштагы тургуну Клара Жайсанова «Кыргызпочтасынын» Миң-Булак байланыш бөлүмүн жетектеп келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Аталган бөлүм 5 айылды камтыйт. Арал, Миң-Булак, Долон, Кош-Дөбө жана Сары-Дөбөдө жашаган калкка 18 жылдан бери тейлөө көргөзөрүн айтып, иш тажрыйбасы тууралуу айтып берди.
«Мен 1969-жылы Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында жарык дүйнөгө келгем. Билим уясын 1986-жылы аяктаган соң, Каракол шаарындагы окуу жайлардын бирине тапшырып, бухгалтердик кесипке ээ болдум. Бул адистикти тандоомдун себеби өзүм бала кезимен эле эсеп-кысапка жакын болуп, кызыгуум күч эле.
Анан 1987-жылы окууну аяктагандан кийин өмүрлүк жолдошум менен баш коштум. Жумуштун ыргагына байланыштуу үй-бүлөбүз менен 12 жылдай Ананьево айылында жашап, дүкөндө сатуучулукту аркаладым. Кийинчерээк жолдошумдун кичи мекенине көчүп келип, 2006-жылы Арал — Миң-Булак айылдарындагы байланыш бөлүмүнө жумушка орношуп, 18 жылдан бери жетекчилик кызматты аркалап келе жатам», - деди ал.
Гезит-журналдарды карыялар күтүп окушат.
«Кайда жана кандай гана иш болбосун жолдошум ар дайым колдоо көргөзүп, жумушума көмөктөшүп келет. Себеби байланыш бөлүмүнүн жумушу ары түйшүктүү жана ошол эле учурдла абдан жоопкерчиликти талап кылат. Негизгиси бул тармак кесибиме жакын болгондуктан, эсеп-кысапты өтө кылдаттык менен жүргүзүп, аманат-катты өз убагында жеткирүүнү колго алып келебиз. Биз тейлеген 5 айылда 3 почта кызматкери эмгектенет. Азыр өлкө ичиндеги гезит-журнал жана ар кандай каттарды жеткирүүдөн сырткары чет өлкөдөн буйрутма кылган аманаттарды да кабыл алып, ээлерине тапшырып беребиз. Айрыкча гезиттердеги каармандуу серияны күтүп, окуган карыяларыбыз да бар.
Мындан сырткары мамлекеттик жөлөк-пул, пенсия таратууда ар кандай кызыктуу окуяларга кабылабыз. Жергиликтүүлөрдүн үйлөрүн кыдырып, тургундарга пенсия таратканыбызда өз чөнтөгүбүздөн берип жаткандай абдан кубанып, баталарын беришет», - деди Клара айым
Кайнисинин тамашага салып кан басымы көтөрүлгөнүн айтып берди.
«Кызыктуу окуялар да болуп турат. Бир жолу кайним чоочун номур менен телефонума коңгуроо кылып, “Энемдин пенсиясын эмне бербей жатасыңар?” деп коркутту. Дароо эле «Ким? Кайсыл жерде жашайт?» деп, кан басымым көтөрүлүп кетти. Андан кийин кайним менин абалымды түшүнүп, тамаша экенин айтты. Бул учурга таң калганымдын себеби байланыш бөлүмүнүн кызматкерлери бөлүнгөн акчаны 1 күн да түнөтпөй, дароо ээлерине жеткирип беребиз. Эми жакынкы жылы өзүм да пенсионер болгону турам. Бул жумушум мага эң жакшы көз ирмемдерди тартуулады.
Өзүм гүлгө жакын болгондуктан үйүмө гүл өстүрүп, жумушумду да гүлгө ороп, кесиптештериме да белек кылганды жактырам», - деди ал.
Өмүрлүк жолдошу менен 2 уул, 2 кызды тарбиялап өстүргөн. Учурда 10 небереси бар.