Turmush — Коомдук ишмер Аскар Салымбеков Бүбүсара Кыдыкова атындагы моделдик-инновациялык китепкананын имаратын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп берди.
Китепкана Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан. Аталган китепкана 1930-жылы уюшулуп, 1946-жылы райондук китепкана болуп түзүлгөн. Китепкананын жаңы имаратын куруу үчүн Ат-Башы айылынан 700,0 чарчы метр жер аянты берилген. «Дордой» ассоциациясынын ардактуу президенти, коомдук ишмер Аскар Салымбеков тарабынан демөөрчүлүк колдоо көрсөтүлүп, заманбап үлгүдөгү 3 кабаттуу имарат курулган.
3 кабаттуу имараттын курулушуна жана жабдууларына Салымбеков университети тарабынан 25 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат китепкананын толук материалдык-техникалык жабдылышын жана заманбап шарттарды камсыз кылган. Китепкананын концепциясы жана уставы дагы университет тарабынан иштелип чыккан.
Китепканада салттуу китеп фондунан тышкары заманбап компьютердик класстар, коворкинг зоналары, жыйындар залы жана окутуу аудиториялары бар. Мындан сырткары «Book&coffee» форматындагы кафетерий да каралган.
Ат-Башы райондук китепканасы Кыргызстандын алгачкы моделдик-инновациялык китепканасы статусуна ээ болгон.
Китепканада жаштар STEМ, ІТ, креативдүү кесиптер жана инсандык өнүгүү багыттарында заманбап билим алып, бул аймактагы билим берүү деңгээлин жогорулатуу үчүн маанилүү шарттарды түзүүдө. Китепкана жаштарга билим алуу жана технологиялык өнүгүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.