Turmush — Талас районунун Каракол айылынын 35 жаштагы тургуну Майрамбек Чекиров топоздорду көбөйтүп жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы фермерден кабар алды.
Өзүнүн айтымында, топоз чарбасын 3 жыл мурда түптөшкөн.
«Мен үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжесимин. Ата-энем кичинекей кезибизден мал чарбасын түптөп, ошол иш менен келе жатышат. Мен алардын колунда калып, ошол ишти улап жатам. Өзүбүз кой, жылкы бакчубуз. 3 жыл мурун топоз чарбасын түптөдүк. Топоз бакканга кызыктар болуп, өзүмдүн айылдашымдан эле 30 миң сомдон 200 баш мамалак алгам.
Топоздорду караган сарайыбыз Каракол өзөнүнүн Туюк-Төр жайлоосунда жайгашкан. Ал жакта жашайбыз. 2 күндүн биринде жардамчым экөөбүз кезектешип, топоздорго көз салып турабыз. Буйруса алар ошол аймакка көнүп калышты. Жолун, өзү жашаган аймакты унутушпайт. Мисалы былтыр 10 баш топозду Өтмөктөн ашып, Ала-Белге өтүп кеткен жерден таап алып келдик. Аларды мамалак кезинде ошол Ала-Белден алып келгем. Жолдун бир тарабы кар, бир тарабы кургап калыптыр, алар кургак тарабына түшүп, өздөрүнүн мурунку жайытына кетип бара жатышыптыр. Жарнамаларга берип абдан издедик. Ошондо жолдо чай ичип токтоп калгандар, алардын өтүп бара жатканын көрүшүптүр. Чалып кабарлашкандан кийин барып алып келип.
Булар эркиндик абдан жакшы көрүшөт. Жаңы баккан жылы 40 даана мамалакты кичинекей экен деп короодо бактык. 1 айда 30дай мамалак кырылып калган. Көрсө короодо кысылып, биттеп, жүдөп, жашай алышпайт экен. Алар туулганда эле кыш болобу, жай болобу, эркин жүрө бергенди сүйүшөт. Топоздор жем жебейт, жайытта эле, үйүр-үйүрү менен жүрө беришет. Ушундай өзгөчө жаныбарлар.
Буларды баккан оңой деп айтышат. Бирок андай эмес. Өтө эле кыйын, кырда жүрүшөт, аркасынан адам карап жүрүшү керек. Булардын эти Өзбекстан менен Казакстанда абдан бааланат. Таза чөп жешет, таза азык деп көп алып кетишет. 1 кг эти 550 сомдон. Бир топоз 300 кг чейин эт берет. Былтыр 1 топоз 60 миң сомдон башталып, 127 миң сомго чейин сатылды», - деди ал.