Turmush — Ат-Башы районунда 700дөй окуучу катышкан 21-кылымдын «21 күндүк марафондун олимпиадасы» аталышында билим марафону уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарада ар бир катышкан окуучу өзүн көрсөтүүгө, өнүгүүгө, келечекке жаңы үмүт менен кадам таштоого, окуучуларды олимпиадага кызыктырууга, өз алдынча онлайн билим алуунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга жана бүтүрүүчүлөр арасында Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык көрүү максатында уюштурулган.
Марафондо окуучулар 21 күн онлайн окутуудан өтүп, соңунда атайын даярдалган тесттерди тапшырышты.
Рейтинг жыйынтыгы боюнча алдыңкы 5 мектеп аныкталды:
1. Ой-Терскен мектеби — 23,5 упай;
2. Карыбек уулу Акматалы мектеби — 18,7 упай;
3. Абыл Искендеров мектеби — 17,75 упай;
4. Жаналы уулу Абдыракман мектеби — 14,5 упай;
5. Т.Адыраңов мектеби жана А.Осмоналиев мектеби — 14 упайга ээ болушту.
Тесттин жыйынтыгы менен 330 окуучу ийгиликтүү тапшырып, байгелерге ээ болушту.
Марафон олимпиадалык окутуу борборунун негиздөөчүсү Улук Ажыбаев, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте уюштурду.
Окуучуларды билим алууга шыктандыруу максатында Ат-Башы районунун тургуну Жумакадыр Токтосунов үй-бүлөсү менен демөөрчүлүк кылып, жалпы байге фонду 700 миң сомдук белектерди тапшырды.
Демөөрчүлөр ар бир окуучу алган упайларына жараша 13 планшет, 5 портативдүү проектор, 4 велосипед, 28 смарт саат, 13 самокат, 20 скейтборд, 20 колонка (Bluetooth) , 50 сумка, 21 блендер, 40 колонка (микрофону менен), 20 колонка (подставкасы менен), 40 телефон кармагыч, 10 свитер, 10 свитшот, 10 термос, 10 повербанк, 10 наушник тапшырды.
Сыйлык тапшыруу иш-чарасына район жетекчилиги катышты.