Turmush — Кадамжай районунун Учкун айылынын 60 жаштагы тургуну Назбүбү Калыкова 48 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 2-топтогу майып, политрит оорусу менен жабыркайт. Ден соолугуна карабай, кол эмгеги аркылуу тиричилик кылат.
«Мен өзүм Куран китебинен сабак алам. Бош убактымда кол өнөрчүлүк менен алектенем. Өз колумдан жасалган буюмдардан сабак берген устаздарыма белек кылам. Белекке негизинен Куран китебин салуучу буюмдарды берем.
Өзүм 2-группадагы майыпмын. Алыс баса албайм, бирөө жетелесе басам. Көп жылдан бери ооруйм. Бул кол өнөрчүлүк менен дээрлик 48 жылдан бери алектенем.
Куран китеп салчу сумкаларды, сумка, жемпир, жеңи жок кийимдерди, телефон салчу чөнтөкчөлөрдү, байпак жана баш кийимдерди токуйм. Айрыкча 1994-1995-жылдардагы тартыштык мезгилде бир туугандарымдын балдарына кийим-кече токуп берет элем.
Ал мезгилде ангoр эчкинин жүнүнөн жип ийрип, ошол жип менен кийим токучу элек. Азыркы учурда Россияда иштеген сиңдим ошол жактан өзгөчө сапаттагы, жумшак жип жөнөткөн, ошол дип менен токуйм. Үй шартында чайнектин астына коюучу буюмдар, телефон салчу чөнтөкчө сыяктуу майда кол өнөрчүлүктү да жасайм.
Баалары да элге жеткиликтүү. Балдар үчүн токулган жемпирлер 500 сомдон сатылса, баш кийимдери 300 сомго чейин. Ал эми чоңдор үчүн токулган кийимдердин баасы орто эсеп менен 2 миң сомдун тегереги. Ал эми чайнектин астына коюлчу 100 сом, телефон чөнтөкчөнү 500 сомдон саттым», - деди ал.