Turmush — Чүй облусунун Чүй районундагы Бурана айылында Нооруз майрамына карата сүмөлөк фестивалы өттү.
Уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов Turmush басылмасына берген комментарийинде ар бир катышуучуга акчалай байге берилгенин билдирди.
«Негизи калыстар тобу абдан калыс карап, сүмөлөк фестивалына бөлүнгөн байге фондун баарына тегиз бергенге аракет кылдык. Ар бир катышуучуга 8 миң сомдон берилди. Анан сүмөлөктүн өзүнө даамы окшошту, коошту деген маанидеги сүмөлөк жасагандарга бир аз көбүрөөк бердик.
Негизинен Чүй облусунда мындай чоң иш-чарада биринчи жолу сүмөлөк кайнатылганына байланыштуу даана сүмөлөктүн өзүн жасалганы абдан аз болду. Көбү мейиз, кант жана башка азыктарды кошуп жиберишкен. Ал тургай кыям кошуп жибергендер болду. Башка сынактарда дагы калыс чечип бергенге аракет кылдык. 1-орундарга айтылган сумманы азайтып, 1-2-орундарга экиден орун бердик. Баш байгени Чүй жатак мектеби алды, байгеси 20 миң сом болду», - деди ал.
Ал эми уюштуруучу жана демилгечи Элнура Кулуеванын айтымында, 2012-жылдан бери Кыргызстанда сүмөлөк фестивалы өтүп жатат.
«Демилгени мен көтөрүп, 7 казан сүмөлөк деп өткөрүп жүрөбүз. Өзбекстан, Тажикстанда сүмөлөк фестивалдары өтөт. Биз Кыргызстанда бренд кылуу максатында Маданият министрлиги менен биргеликте өткөрүп келе жатабыз. Этникалык кыргыздар менен да өткөрүп келебиз.
2017-жылы 40 казан сүмөлөк иш-чарасын да өткөргөнбүз. Анан Маданият министрлигине кайрылып, Чүйдө сүмөлөк боюнча иш-чара өтпөйт экен деп, Буранада өткөрүүнү туура көрдүк. Сүмөлөк кайната тургандарды табуу кыйын болду. Айыл аймактан келген апалар менен 11 казан сүмөлөк кайнатылды. Бирок интернеттен 7 даам кошуш керек дегенди окуп алышып, мейиз, кант жана башкаларды кошуп жиберишкен.
Сүмөлөктү ЮНЕСКОго киргизип жатканда эч бир кошулмасы жок ун, май, туз, өндүрүлгөн угут менен жасалган. Сүмөлөк өзү ушундай жөнөкөй азык менен жасалып, бирок шоколаддай таттуу болуп калуу менен өзгөчө. Бүгүнкү иш-чарадагы катышуучулар сүмөлөктүн стандартына туура келбеген ыкма менен жасашыптыр. Бирок өзүнүн ыкмасы менен Чүй дарыгерлер тобу нак сүмөлөк жасап беришти. Ал сатылбай, элге бекер таратылды», - деди ал.
Иш-чарада сүмөлөк кайнатуу, боз үй ашканасы, койдун башын бөлүү, кол өнөрчүлүк боюнча сынактар жана спорттук мелдештер өттү.