Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагында милициянын жаңы имараты ишке берилди.
2026-жылдын 21-мартында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Нарын ШИИБдин жаңы имаратын ишке берүү менен катар Түп районунун Каркыра айыл өкмөтүндө жайгашкан милициянын жаңы пункту онлайн режимде ачылды. Түп районундагы салтанаттуу иш-чарага ОИИБдин жетекчиси, район акими, айыл өкмөт башчысы жана өздүк карам менен катар жергиликтүү тургундар катышты.
Өлкө башчы өз сөзүндө милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөсү үчүн заманбап шарттарды түзүү укук коргоо тутумун чыңдоодогу артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белдирди.
Иш-чаранын соңунда президент ички иштер органдарынын ардагерлери менен баарлашып, алардын көп жылдык ак ниет кызматы жана коомдук тартипти камсыз кылууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле муундар аралык байланышын жана алардын тажрыйбасы жаш кызматкерлерди тарбиялоодо маанилүү экенин белгиледи.