Turmush — Бүгүн, 26-мартта Ош шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде «Сулайман-Тоо менен Ош – сооданын жана маданияттын көпүрөсү» туристтик сезонунун салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.
Маалым болгондой, иш-чара Кыргызстандын түштүк борбору болгон Ош шаарынын жана Сулайман-Тоонун бай тарыхый-маданий мурасын даңазалоого, ошондой эле Улуу Жибек жолунун алкагындагы ордун кеңири таанытууга багытталды.
Салтанаттын алкагында конокторго ар кыл маданий программа тартууланып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, улуттук даамдардын жарманкеси, сувенирлер көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле улуттук оюндардын түрлөрү көрсөтүлүп, жаңы туристтик сезонго карата пландар жана жаңылыктар презентацияланды.
Иш-чарага облустук жана шаардык жетекчилер, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ош облустук бөлүмү, Россия, Казакстан жана Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктарынын өкүлдөрү, туризм тармагынын адистери, студенттер, маданият ишмерлери, кол өнөрчүлөр, ошондой эле ички жана чет элдик туристтер катышты.
Маданий бөлүктө Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы жана чыгармачыл топтор тарабынан концерттик программа сунушталды.