Turmush —
Кемин шаарынын Сове көчөсүндө жаңы тротуар салуу иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, тоскоолдук жараткан куураган бак-дарактар санитардык негизде кыркылып, тазалоо иштери аяктап калды. Тукеев жана Советс көчөлөрүнүн кесилишинен баштап, № 32 жол тейлөө ишканасынын имаратына чейинки аралыкта жаңы көчөттөрдү отургузуу үчүн атайын жерлер даярдалды. Москва көчөсүнүн көрүстөн тарабындагы курулуш калдыктары толугу менен тазаланды.
Ошондой эле, шаардык таштанды полигонунун тегерек-четин иретке келтирүү жана санитардык тазалоо иштери жүргүзүлдү.