Turmush — 25-март күнү Өзгөн районунун Куршаб айылында чөп жүктөлгөн унаа өрттөндү. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык айылдын К.Бекмырзаев көчөсүндө болгон. Аны өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылып, саат 17:56да толук өчүрүлгөн.
Кырсык автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоодо өрт коопсуздук эрежелерин бузулушунан улам чыккан. Анын кесепетинен оор жүк ташуучу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы жана жүктөлгөн 300 түк чөп пресс күйүп кетти.
Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.