Turmush — Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Айчүрөк Садырбек кызы фермер болуп, бука багуу менен алектенип жатат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Айчүрөк Садырбек кызы 1999-жылы Ноокат районунун Жийде айылында төрөлгөн. Учурда ушул эле райондогу Кайрагач айылында жашап, декреттик өргүүдө балдарын тарбиялап жаткан учуру. Муну менен катар фермерлик менен алектенет.
«Билим жолум Ош мамлекеттик университети менен байланыштуу. Бул окуу жайдан орус тили жана адабияты мугалими кесибине ээ болгом. Бирок жашоодо адам бир эле кесип менен чектелип калбайт экен. Тагдыр мени таптакыр башка нукка — фермерликке алып келди.
Фермерликке кызыгуум жолдошума жардам берип жүргөндөн башталган. Алгач жөн гана кол-кабыш кылып жүрсөм, акырындап бул ишке болгон кызыгуум артты. Акыркы 5 жылдан бери бул тармакта жүрөм. Ал эми акыркы 6 айда бул ишти терең изилдеп, олуттуу түрдө кирише баштадым.
Бул жолго түшүүгө негизги түрткү берген балдарым болду. Чет өлкөгө кетпей, алардын жанында болуп, өз жерибизде эмгектенип, киреше табууну чечтик. Ошентип, фермерлик биздин үй-бүлөлүк ишке айланды«», - деди ал.
Учурда жубайлардын чарбасында 20 баш бука бар.
«Биз атайын бука багытын тандадык. Себеби аларды кароо бир аз жеңилирээк жана туруктуураак болот. Малкананы алдын ала пландап куруп, малдын шартына өзгөчө көңүл бурабыз. Суу ичүүчү жайларынан баштап, жем-чөптү өз убагында берүүгө чейин бардыгы көзөмөлдө.
Көпчүлүк бул ишти аял кишиге оор деп эсептешет. Бирок мен декретте отуруп эл балдарымды карап жатып, фермерликти да ийгиликтүү алып барууга болорун далилдеп келем.
Этке өткөргөндө бааны малдын абалына жараша коёбуз. Ар бир эмгектин өз баасы бар деп эсептейм. Малдарды негизинен эт багыты боюнча багып жатабыз. Максатыбыз — сапаттуу, таза эт өндүрүп, элге жеткирүү», - деди ал.
Каарманыбыздын айтымында, фермерлик жашоодо кызыктуу учурлар да көп болот.
«Бир жолу үйгө коноктор келе жатканда тамак жасап жаткам. Ошол учурда малканадан үн чыгып, карасам эки бука бошонуп кетиптир. Шашканымдан кийимимди алмаштырбай эле кирип, аларды байлап чыктым. Коноктор келип калып, ошол абалымда тосуп алууга туура келген. Ошол учурда уялсам да, азыр эстесем жылмайып калам.
Бош убактымда 3 балама кам көрөм, үй иштерин жасайм. Ошондой эле ыр жазганды жакшы көрөм — бул менин жан дүйнөмө жакын хоббим.
Келечектеги эң чоң максатым — Кыргызстандагы алдыңкы фермер айымдардын катарына кирүү. Өз ишимди кеңейтип, элге пайдасы тийген, үлгү боло алган айым болгум келет», - деди ал.