Turmush — Нарын облусунун Кочкор районунун музыкалык драма театрынын артисттери Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата сыйланышты.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Кочкор районундагы «Чолпон» кинотетрында Кочкор райондук музыкалык драма театрынын артисттери тарабынан Ормон Хан поэмасынан хан көтөрүү бөлүмү көрсөтүлдү.
Район жетекчилиги театр кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошону менен бирге акын Клара Ниязовага, Кочкор музыкалык драма театрынын артисттери — Кубан Касымов, Чынара Качкын кызы, Арген Саатбек уулуна Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары тапшырылды.
- 27-мартта Бүткүл дүйнөдө театр күнү белгиленет. Бул күн 1961-жылы Венада ЮНЕСКОнун Эл аралык театр институтунун IX конгрессинде белгиленип, 1962-жылдан бери жыл сайын белгиленип келет.