Turmush — Республикалык предметтик олимпиадада алдыңкы орунду алган нарындык окуучулар, алардын мугалимдерин жана ата-энелери сыйланды. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, окуучуларга «Артек» лагерине жолдомо, мугалимдерге акчалай сыйлык, ал эми ата-энелерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
Жеңүүчүлөр:
1. Качкынова Мария Алмазбековна 11-класстын окуучусу. Кыргыз тили, адабияты предмети боюнча 1-орунду ээледи. Ат- Башы району, Карыбек Карпеков атындагы жалпы билим берүү мектеби;
2. Шайырбекова Рабия Шайырбековна 11-класстын окуучусу. Орус тили жана адабияты сабагы боюнча орус мектептер арасында 2-орунду алды. Кочкор району, Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектеби;
3. Нурланбекова Канайым Нурланбековна 11-класстын окуучусу. Кыргыз тили, адабияты сабагы боюнча кыргыз мектептер арасында 3-орунду алды. Ак-Талаа району, Бакый Мүсуралиева атындагы жалпы билим берүү мектеби;
4. Кадыров Адилхан Талантбекович10-класстын окуучусу. Информатика сабагы боюнча 3-орун. Нарын шаары, Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
5. Өмүрзакова Акактай Акатовна 9-класстын окуучусу. Кыргыз тили, адабияты сабагы боюнча 4-орун. Нарын шаары, «Билимкана-Нарын» мектеби
Нарын облусу предметтик олимпиадада республика боюнча жалпы эсепте 4-орунду ээледи.
- Бишкекте өткөн мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын республиканын турунда Нарын облусунан катышкан 27 окуучунун ичинен бешөө байгелүү орунга ээ болду.
- Бишкек шаарында 30-мартта 2025-2026-окуу жылындагы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү тизмеси.