Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын тургундары окуучу Канайым Нурланбекованы салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Канайым Нурланбекова республикалык предметтик олимпиадада кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча 3-орунду багындырган. Аны мектеп директору Талант Саягалиев баштаган жамаат, окуучулар жана ата-энелер каршы алышты.
Мектеп директору Талант Саягалиевдин айтымында, Канайымдын мугалими да, апасы да — Асел Турарбек кызы. Ал Канайымды билимге умтулган, аракетчил жана эмгекчил окуучу катары мүнөздөдү. Ошондой эле чакан мектептен да чоң ийгиликтер жараларын белгилеп, бул жетишкендик жалпы мектеп жамааты үчүн чоң сыймык экенин айтты.
Анын айтымында, Канайым бүгүн Нарын шаарында облус жетекчиси менен жолугуп, сыйлык да алып жатат.
Өз кезегинде Канайым Нурланбекова жаштарды телефонду аз колдонуп, китепти көбүрөөк окууга, билим алууга жана тынымсыз аракет кылып, ийгилик жаратууга чакырды.