Turmush — 2026-жылдын 31-мартында Ош шаарындагы №12 кесиптик лицейдин базасында Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу кесипттердин үчүнчү улуттук регионалдык «Worldskills Kyrgyzstan» чемпионаты өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бул регионалдык чемпионатка Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейден «Ширетүү технологиясы», «Мода технологиясы», «Ашпозчулук иши» компетенциясы боюнча окуучулар катышты.
- «Ашпозчулук иш» компетенциясы боюнча 1-орун — Тойчуев Байсал Үсөнөвич.
- «Мода технологиясы» компетенциясы боюнча 3-орун — Кеңешбекова Алия Манасовна.
- «Ширетүү технологиясы» компетенциясы боюнча Данияров Эрбол Даниярович активдүү катышты.
Бул чемпионатка окуучуларды даярдаган мугалим-устаттар:
1. Айзат Оморова (ашпозчулук иш);
2. Ырыс Еркеева (мода технологиясы);
3. Алтынбек Биримкулов (ширетүү технологиясы).
Байсал Тойчуев жана анын устаты Айзат Оморова 13-17-апрелде өтө турган улуттук чемпионатка катышууга жолдомо алды.