Turmush — Ош шаарындагы аэропортто биринчи жолу Ош—Ташкент түз авиакаттамы ишке кирди.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, баштапкы этапта авиарейс аптасына эки жолу аткарылат. Келечекте каттамдардын саны аптасына төрт жолуга чейин көбөйтүлөөрү пландалууда.
Авиабилеттердин баасы эки тарапка тең 120 долларды түзөт.