Turmush — 2026-жылдын 23-мартынан 25-мартына чейин Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өспүрүмдөр арасында (U-17) эркин күрөш боюнча 29-эл аралык турнир өттү.
Маалым болгондой, спорттук иш-чара СССРдин спорт чебери, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Раджап Жанаевдин жаркын элесине арналып уюштурулду.
Турнирде Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан жалпы 400дөй жаш балбан күч сынашты. Ал эми Чүй облусунун Жайыл районунун атынан 10 спортчу катышты. Алардын ичинен 51 килограмм салмакка чейинкилер арасында Азамат Дуулатов күмүш медаль утту. Машыктыруучусу — Руслан Атакеев.
Жеңүүчүлөргө Кыргызстандын күрөш федерациясы тарабынан медаль жана дипломдор тапшырылды.