Turmush — Кечээ, 6-апрелде Ат-Башы районунда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Нарын облусунун спорт мектептеринин кызматкерлеринин арасында «Ынтымак мелдеши» кубогу уюштурулду. Бул тууралуу Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, бул мелдештин негизги максаты машыктыруучулардын ортосундагы байланышты чыңдоо, тажрыйба алмашуу, сергек жашоо образын жайылтуу жана спортту өнүктүрүү болуп саналат.
Жалпысынан футбол, волейбол жана дартс боюнча мелдеш болуп, командалык эсеп менен Ат-Башы райондук спорт мектеби 1-орунду, Жумгал районундагы Дордо спорт мектеби 2-орунду, Нарын шаарынын «Ала-Тоо» спорт мектеби 3-орунду ээледи.